Жаңылыктар
Финансы министрлигинин кызматкерлеринин баары жеке унааларын камсыздандырды
Кыргызстан жаңылыктары
Финансы министрлигинин кызматкерлеринин баары жеке унааларын камсыздандырды

Финансы министрлигинин кызматкерлери “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКтын акционерлери катары компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүнө ишеним көрсөтүп, биринчилерден болуп ОСАГО боюнча өз унааларын массалык түрдө камсыздандырышты.

 20-ноябрда ААКтын жетекчилигинин финансы министри Алмаз Бакетаев менен жолугушуусу болду. Анда компаниянын негизги жетишкендиктерин, учурдагы долбоорлорун жана жакынкы жылдарга карата стратегиялык максаттарын камтыган МКУ ААКтын иши жөнүндө толук маалымат берилди.

 Жолугушууда камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу, финансылык туруктуулукту жогорулатуу жана камсыздандыруу тармагына жаңы технологияларды киргизүү маселелери талкууланды. Анда негизги көңүл санариптик тейлөөнү өнүктүрүүгө бурулду, алар жарандар үчүн камсыздандырууну бир кыйла жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.