Жаңылыктар
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен “Дос-Кредобанк” кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен “Дос-Кредобанк” кызматташат

20-ноябрда эки ири мамлекеттик оператор –  “Дос-Кредобанк” ААК менен “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Расмий салтанат “Дос-Кредобанк” ААК башкармалыгынын төрайымы Чолпон Эшбердиева менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКынын башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбековдун катышуусунда өттү.

Компаниялар ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен продукттар менен кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу кол коюлган документтин негизги максаты болуп саналат. Банктын санариптик платформасына камсыздандыруу полистерин интеграциялоо пландаштырылууда, мунун өзү камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн жарандар үчүн бир кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Макулдашуу Кыргызстандын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду киргизүүгө жол ачат. Негизги көңүл турак жайды жана автожарандык жоопкерчииликти (ОСАГО) камсыздандырууга бурулган. Алардын актуалдуулугу жаратылыш кырсыктарынын жана башка тобокелдиктердин шарттарында бир кыйла өстү.

“Дос-Кредобанк” ААК башкармалыгынын төрайымы Чолпон Эшбердиева бул кызматташтык бөтөнчө продукттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин, алар жашообузду коопсуз жана ыңгайлуу кыларын белгилесе, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков “Дос-Кредобанк” менен өнөктөштүктүн башталышына сыймыктанарын, биргелешкен күч-аракеттер заманбап камсыздандыруу чечимдерин иштеп чыгууга багытталып, алар ар бир жаранга пайдалуу болорун айтты.

Компаниялар өз ара кызматташуу экономиканы өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизип, Кыргызстандын жарандарын сапаттуу тейлөөнү камсыздарына ишеним артууда.