Кыргызстандын тоо кыркаларында мөңгүлөрдүн аянты жыл санап кыскарууда. Соңку 70 жыл ичинде эле касиеттүү Ала-Тообузда мөңгү аянты 25 пайызга чейин кыскарып кеткен. Ага климаттын өзгөрүшү, жер шарындагы абанын улам ысып баратышы себеп болууда. Бул албетте бир эле бизди эмес, жалпы адамзатты ойлонтуучу маселе.
Кыргызстан мөңгүнүн бир мекени катары бул маселени дүйнөлүк деңгээлде көтөрүп, өлкө башчыбыз Садыр Жапаров бир канча жолу дүйнө лидерлерине, эл аралык коомчулукка кайрылуу менен мөңгүлөрдү сактап калуу жолдорун издөө боюнча биргелешип аракеттенүүгө жана суу ресурстарын жаратуучу зонаны коргоодо кызматташууга чакырып келет.
Мөңгүнү сактоо, анын эрүүсүн токтотуу Кыргызстан, же Борбор Азиянын эле маселеси эмес. Бул жалпы планетардык масштабда чечилчү, бүтүндөй адамзат кам көрчү маселе.
Мына ушул жагдайлар жана башка илимий маалыматтар камтылган «Мөңгүлөрдүн эриген доору» аттуу эки бөлүтөн турган даректүү тасма УТРКнын карамагындагы «Кыргызтелефильм» студиясы тарабынан тартылды. Тасманы УТРК жана “Ала-Тоо 24” каналдарынан 21-ноябрдын кечинде, саат 20.00дө көрүңүздөр.
Даректүү тасманы толугу менен бул жерден көрүңүздөр.