Германияда Касселдин Гессен шаарынын тургундары шаарды жапайы еноттор басып алып, жарандарга кол сала баштаганын айтып нааразы болушууда.
Буга чейин бир фермер тоокканасынан енот таап, аны айдап чыгууга аракет кылып, колунан оор жаракат алган. Дагы бир аял кийимдеринин арасынан жанут таап алып, колу жараланган. Натыйжасында немис аялда сепсис оорусу пайда болгон.
Адистердин айтымында, азыр Германияда 2 миллионго жакын енот жашайт. Аталаган еноттор бир тууганда 7-8 ден тууп, тез көбөйүүдө. Мындан улам айрым тургундар енотторду союп, этин жеш керек деп эсептешет. Айрыкча, ишкер Майкл Рейс еноттун этинен ар түрдүү тамактарды жасап сатып, кирешеге чыккан. Ал киши жаныбарларга атайын капкан салып, жумасына 3000 еврого чейин (320 миң сомгожакын) киреше табат.