Камчыбек Ташиев кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын калыбына келтирүүгө жардам сурап кайрылган эже-сиңдини кабыл алганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Чимкент көчөсүнүн №41 дарегинде жайгашкан үй 2023-жылы каза болгон апасынан кыздарга мураска калган. 20 жана 12 жаштагы эже-сиңдинин атасы 2005-жылы жол кырсыганын каза тапкан.
Үй-бүлө талашка түшкөн үйдө 2001-жылдан бери жашап, 2008-жылы кыздардын апасы турак жайды ээсинен 3000 долларга (114 000 сом болгон) сатып алган. Ал белгиленген тартипте мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүлгөн. Бирок ал мамлекеттик каттоо органына жиберилгенден кийин белгисиз себептерден улам каттоо жүргүзүлгөн эмес. Үйдүн ээси каза болгондон кийин, турак жайга мураскор катары аялы жана кызы чыгып мураскер болуп калышкан. Ушундан улам алар Асель жана Асыл Максатбековалардан үйдү бошотууну талап кылган.
УКМК башчысы тиешелүү бөлүмдөргө Максатбековалардын үй-бүлөсүнүн турак-жай маселесин КР мыйзамдарына ылайык, алардын турмуштук жагдайларын эске алуу менен кыска мөөнөттө чечүү тапшырмасын берди.
Жана эже-сиңдилерге 3 бөлмөлүү эки батир берүү боюнча курулуш компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Кошумчалангандай, кабыл алынган чечим КР УКМК төрагасынын тапшырмасы менен кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнөт.