Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын жана Ат-Башы райондорунда 12 чакырымдан ашык канал ашар жолу менен ремонттолуп, колдонууга берилди. Бул жумуштардын аткарылышы менен жалпы 2400 гектар айдоо аянтка сугат суу берүү жакшырат. Ремонт иштери республикалык бюджеттин каржылоосунда ишке ашып, жалпы 46 миллион сомдон ашык каражат сарпталды.
Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл аймагындагы “Үч-Алыш” каналынын курулуш жумуштарынын алгачкы этабы 1985-жылы башталып, 1,2 чакырымы эксковатор менен казылып, ошол бойдон токтоп калган.
2023-жылдын октябрь айында Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын муктаждыгын чечүү максатында каналды толук бүткөрүү долбоору сунушталган. Республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, чарбалык ыкма менен 9 миллион 642 миң сомго 3292 метр канал курулуп бүттү. Каналдын ишке берилиши менен 450 гектар аянтка суу берүү жакшырып, 150 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
Ал эми Ат-Башы районунда 1400 гектар айдоо аянтына үзгүлтүксүз сугат суу жеткирүү үчүн алты чакырым канал курулуп бүттү. Жаңы ишке кирген канал райондун Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын дыйканчылык талааларын сугат суу менен камсыздайт. Анын курулушу 2023-жылы башталып, өлкө казынасынан 25 млн. сом сарпталган.
Ошондой эле Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагында курулганына 65 жыл болгон “Байменде” каналынын 3 чакырым 100 метри оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү.
Чет-Нура жана Ак-Кыя айылдарынын 400 гектардан ашык айдоо аянтын сугат суу менен камсыз кылган каналдын ремонтуна мамлекет тарабынан 6 миллион 600 миң сом бөлүнүп, каналдын 2 чакырым 300 метри механикалык тазалоодон өткөрүлүп, латоктор сатылып алынган. 800 метр аралыгындагы ремонт иштери Нарын райондук өнктүрүү фонду караган 4 миллион 800 миң сомго жасалган. Бул каналдын жалпы узундугу 10 чакырым 600 метрди түзөт.
Каналдардын курулуш жумуштары ашар жолу менен ишке ашты. Курулушка тартылган айыл туругндарына БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосунда ун, суу май берилген.