Талас шаарында 22-ноябрда өткөн форумда айыл чарба техникалары, дыйкан фермерлер өндүргөн азык-түлүктөр көргөзмөгө коюлду.
Айыл чарба форумуна Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов, ошондой эле кошуна Казакстандын Жамбыл облусунан атайын айыл чарба адистери катышты.
Иш-чара Президентин Талас облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Форумдун экинчи бөлүгүндө облустагы ири ишкерлер өздөрү өндүргөн продукцияны эскпортко чыгаруудагы тоскоолдуктар боюнча маалымат беришти.