Кыргызстанда балдар арасында бөйрөк илдетине чалдыккандар көбөйүүдө.
Бул тууралуу Utrk.kg сайтына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар урологу Илимбек Үсөналиев билдирди. Анын айтымында, балдар арасында тубаса бөйрөгү ооругандар кескин өсүп, аларды операция жолу менен дарылоого аргасыздык жаралууда. Мындай көйгөйдүн келип чыгуусуна ата-энелердин балалуу болууга болгон даярдыгы жоктугу, алдын ала анализ тапшырбаганы жана текшерүүлөрдөн өтпөгөнү негизги себеп болуп жатат.
Ошондой эле учурда балдар жеп жаткан туура эмес азыктар да бөйрөк ооруларын күчөтүүчү негизги факторлордун бири.
Мындан сырткары дарыгер жаш өспүрүмдөрдүн уюлдук аппараттар - смартфондор менен көп отуруп, физикалык кыймыл аз болушу да оору пайда болушуна бир себеп болуп жатканын баса белгиледи.