УКМК 2024-жылдын 20-ноябрында УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык Б.А. аттуу жарандын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси Б. Аманбаевге, мурда кармалган Б.А.нын тууганына карата кылмыш ишин оң чечкендиги үчүн 250 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү башталганын маалымдайт.
Арыз ээсинин сөзү боюнча Бакыт Аманбаев кармалган тууганынын маселесин УКМКнын төрагасынын байланыштары аркылуу чечүүнү каалаганын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.А.нын тууганы менен Б. Аманбаевдин ортосунда өз ара карыз милдеттенмелери болгонун, башкача айтканда Б.Аманбаев тарабынан опузалоо болбогондугу аныкталды. Учурда аталган 250 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты арыз ээсине кайтарылды.
Буга байланыштуу Бакыт Аманбаевге карата арыздануучудан каршы билдирүү түшкөн. Тактап айтканда, Б.Аманбаевдин аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок.
Учурда УКМК тарабынан арыз ээси Б.А.нын өзүнө карата кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо фактысы боюнча материалдар бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн материалдарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин аракеттерине юридикалык баа берилет.