Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев республикалык спорттук колледждин эки футболдук аянтчасын ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев республикалык спорттук колледждин эки футболдук аянтчасын ачты

Бүгүн Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянтчасын КФБ Президенти Камчыбек Ташиев ачып, колдонууга берди.

Аталган оюн талааларын куруу иштери учурдагы жылдын апрель айында жүргүзүлө баштаган. 7920 чарчы метрлик оюн талаасынын бири гибриддик каптоо жана олимпиадалык стандарттарга жооп берген чуркоо аянтчасы менен жабдылса, экинчиси оюн талаасы жалпы 7 723 чарчы метрлик жасалма газондуу болуп, 240 көрүүчү үчүн чатырлуу трибуна менен жабылды.

Республикалык спорттук колледжи алдында иштеген футболдук атайын класс иштеп, анда 2009-жылкы таланттуу 23 оюнчу тарбияланууда. Команда эми колледждин базасында машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Камчыбек Ташиев бүгүнкү ачылыш аземдин алдында, РСК тарбиялануучулары менен жаңы чуркоо аянтында, жаңы ворк-аут зонасында жана футбол талаасында чуркап, машыкты. Аталган иштерге болгон чыгымдарды Кыргыз футбол биримдиги жана демөөрчүлөр каржылады.

Ачылыш аземиндеги сөзүндө КФБ жетекчиси өлкөнү спортчулар дүйнөгө даңазалай тургандыгын белгилеп, азыртадан эмгек жумшоо керектигин, өлкөдөгү спорттук инфратүзүм мындан ары да өнүгөөрүн айтты.

Аземден кийин КФБ Президенти колледждин жамааты менен дагы жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен таанышып, пикир алышты.