2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда окко учкан Жеңиш Иманбек уулунун айкели Чаек айылында тургузулду.
Мекен үчүн жан берген жоокердин эстелиги ЖК төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин демилгеси менен тургузулуп, гүл чамбар коюлуп, куран окулду. Ага эл өкүлү Н.Сыдыгалиев, жергиликтүү бийлик башчылары, жакындары, мекеме жана айыл өкмөт жетекчилери катышып, жоокердин эрдиги эскерилди.
Жеңиш Иманбек уулу 2018-жылдын сентябрь айында мөөнөттөгү аскер кызматына чакырылып, бир жыл кызмат өтөгөн. 2019-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Чек ара кызматынын №2022 Аскер бөлүгүнүн Баткен отрядынын Капчыгай чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан. 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Ата Мекен алдындагы милдетин өтөп жатып окко учкан.
2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан мекендин бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоодо эрдик көрсөтүп жатып, баатырларча окко учкан жоокерлердин бешөө теңиртоолук болгон.