Жаңылыктар
Садыр Жапаров расмий сапар менен Берлинге барды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров расмий сапар менен Берлинге барды

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Германия Федеративдүү Республикасына (ГФР) барды. Берлин шаарынын эл аралык аэропортунда Президент Садыр Жапаровду Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары мамлекет башчысы германиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.