12-13-14-декабрь күндөрү Каракол шаарында эл аралык кышкы туристтик жарманке уюштурулат. Анын алкагында кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы болот.
Бул тууралуу Туризм департаментинин башкы адиси Нургазы Тойчуев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Ал учурда өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, “Үч чоку”, “Кырчын” ири долбоорлору ишке ашырыла баштаганын баса белгиледи.
Бул долбоорлордун ишке ашырылышы менен кыш мезгилинде өлкөгө туристтердин келүүсү көбөйөт.