Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу Биринчи радионун түз эфиринде билдиргенине караганда, бул туристтик жайда боз үйлөр тигилип, 7 облустун тарыхый баалуулуктары чагылдырылат. Андан сырткары жол боюнда соода кылгандар үчүн бардык шарттары бар базар курулат.
Ошондой эле Азамат Арнабек уулу быйыл Балыкчыда жаңы пляждын ачылышы менен туристтердин келүүсү көп болгонун баса белгиледи. Анын айтымында, алдыда “Толкун” пляжы да заман талабына ылайыкташтырылат. Мындан сырткары поезд менен келген туристтердин кеме менен көлдү кыдыруусуна шарт түзүү боюнча да атайын долбоор иштелип жатат.