Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында таштандыны иргөөчү завод ачылды.
Завод Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн казынасынан каржыланып, жалпы 27 млн. 509 миң сом жумшалган.
Завод күнүнө 15 тоннага чейин таштандыны кайра сорттого мүмкүнчүлүгү бар. Азырынча Шумкар-Уя айыл аймагынан чыккан таштандыларды гана кабыл алат. Кийинки жылдары Талас облусунун башка аймактарынан топтолгон таштандыларды да кабыл алууну пландоодо.
Таштандыны кабыл алуучу завод "Шумкар" тазалык ишканасы болуп түзүлүп, 10 адамды жумуш орду менен камсыздады. Ишкана иргелген таштандыларды кайра иштетүүгө жөнөтөт.