Бүгүн Берлинде президент Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу аземи өттү.
Мамлекет башчынын кортежи “Белевью” президенттик сарайына келип, президент Садыр Жапаровду Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайер тосуп алды.
Салам алышуудан кийин Ардак кароолдун ротасынын командири Кыргызстандын президентине рапорт берди. Андан соң эки өлкөнүн гимндери жаңырды, андан кийин лидерлер Ардак кароолдун алдынан басып өтүштү.
Андан ары мамлекет башчылары делегация мүчөлөрү менен учурашып, Сарайдын фойесине өтүштү. Салтанаттын алкагында Садыр Жапаров Ардактуу коноктордун китебине жазуу калтырды.
Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тет-а-тет фоматында сүйлөшүү залына өтүштү. Тет-а-тет форматында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий тармактарда өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле глобалдык эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Мамлекет башчылары кыргыз-герман мамилелерин эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын белгилешти.
Президент Садыр Жапаров бүгүн эртең менен расмий сапар менен Германия Федеративдүү Республикасына (ГФР) барган.
Расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерден кийин Федералдык канцлер Олаф Шольц менен да эки тараптуу сүйлөшүүсү пландаштырылган. Мындан тышкары мамлекет башчысы германиялык бизнес өкүлдөрү менен да жолугушат.