Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда, Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Мамлекет башчысы жолугушуудагы германиялык бизнес-компаниялардын кеңири өкүлчүлүгүн канааттануу менен белгиледи, алардын арасында Кыргызстанда иштеп жаткан компаниялардын жетекчилери да, Кыргызстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн караган компаниялар да болду.
Садыр Жапаров акыркы 2 жылда үч кыргыз-герман бизнес-форуму, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке катышуусу менен кыргыз-герман Ишкер кеңешинин эки жыйыны ийгиликтүү өткөндүгүн айтып өттү.
Бул контекстте Президент бул бир гана Кыргызстандын Германия менен активдүү иштөөгө болгон каалоосу эмес, германиялык бизнестин да кызыгуусун тастыктап тургандыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы Германия көп жылдар бою Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын баса белгиледи. Кыргыз тарап бул кызматташтыкты сактап калууга гана эмес, тереңдетүүгө да кызыкдар. Ал акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык кыйла активдешип, өкмөттөр ортосундагы саясий өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээли менен бекемделгенин кошумчалады.
“Германия өз ара кызматташуунун 30 жылдан ашык тарых аралыгында Кыргызстанда бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырды”, - деди Садыр Жапаров.
Президент быйыл өлкөдө кабыл алынган жеке ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун укуктарын жана каражаттарын коргоо жөнүндө Мыйзамга кеңири токтолду.
Садыр Жапаров белгилеп өткөндөй, өлкөдө инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого карата либералдык мыйзамдык база иштейт. Экономиканын артыкчылыктуу тармактарына капитал салууну жүзөгө ашырган инвесторлорго айрым жеңилдиктер жана преференциялар берилет. Өлкөдө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы бар. Анын айтымында, бул бүгүнкү күндө Кыргызстанда активдүү киргизилип жаткан иштердин аз гана бөлүгү.
“Мен Мамлекет башчысы катары Германиядан келген инвестицияларды көбөйтүүгө кызыкдармын. Биздин өлкөдө иштегиси келген германиялык компанияларга өзгөчө көңүл бурабыз. Замандан артта калбоо үчүн бизге түрдүү тармактарда: тоо-кен, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана энергетика секторунда германиялык жаңы технологиялар керек”, - деп Мамлекет башчысы германиялык бизнес-коомчулугун бул багыттарды карап чыгууга чакырды.
Президент Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай экенин билдирди. Кыргызстандын экономикасынын локомотивдеринин бири тоо-кен тармагы болуп саналат. Ошондой эле, биздин өлкө өзүнүн экологиялык таза айыл чарба азыктары менен белгилүү. Ушуга байланыштуу бул продукциялардын экспорттук потенциалын азыркы учурда толук көлөмдө жүзөгө ашырылбай келген Европа өлкөлөрүнө ишке ашыруу келечектүү болуп саналат.
Ошондой эле ал ар кандай эл аралык долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн банктардын активдүү катышуусу зарыл экендигин белгиледи. АКА жана ОДДО-банк сыяктуу банктар Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу процессине активдүү катышып жатканы кубандырат. Кыргыз тарап германиялык банктар Германиянын Кыргызстанга технологиялар трансферинин негизги элементтеринин бири болушуна үмүт артат.
Президент Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев презентация жасап, учурдагы инвестициялык климат, мамлекеттик долбоорлор, бизнес үчүн келечектүү тармактар жана инвесторлорду колдоо чаралары тууралуу айтып берди.
Андан соң германиялык бизнес өкүлдөрү кыскача баяндамалардын жүрүшүндө өз бизнес-идеялары менен бөлүштү.
Жолугушуунун аягында “суроо-жооп” форматындагы дискуссия болду, анда катышуучулар мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын жана негизги аспектилерин талкуулашты.