Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча камалып чыккандар менен жолугушту (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча камалып чыккандар менен жолугушту (видео)

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган саясатчылар жана активисттер менен жолугушту. 

Бул тууралуу жолугушууга катышкан активист Илгиз Шаменов Фейсбуктагы баракчасына жазып, андан тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

"Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө жылуу маанайда кабыл алып, Кемпир-Абад боюнча жеке өзү баарын көрсөтүп, дыкат түшүндүрүп берди. Карталардын баарын жайып ачык көрсөттү, ар тараптуу талкуу болду, жеке мен ынандым. Себеби, мен көргөн документтердин негизинде биздин картабыз (өлкөнүн аянты) мурда 199 миң чарчы метр болсо, азыр 200 миң чарчы метр болгонун картадан өз көзүм менен көрдүм", - деп жазды Илгиз Шаменов.

Жолугушууга катышкан дагы бир саясатчы Жеңиш Молдакматов Фейсбуктагы баракчасына аны саясий маданияттын жанданышы катары баалаган пикирин жазды: "Биз Кемпир-Абад иши менен айыпталып, акыры акталып чыккандар УКМК төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин чакыруусу менен кабыл алуусунда болдук. Кемпир-Абад маселеси боюнча маалымат берилди. Саясий маданияттын жанданышы бүгүнкү күндүн жолугушуусу болду. Ачуу сөздөр да айтылып, жалпысынан пикир алмашуу позитивдүү нукта өттү. Саясий иште саясий диалогдун орун алганы - саясий маданияттын көрсөткүчү. Бийлик жана коомдун ортосунда ар дайым диалог болгону дурус. Саясий диалогго мүмкүнчүлүк түзгөн Камчыбек Кыдыршаевичке ыраазычылык билдирем!

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетти деп нааразылык билдирген 27 саясатчы жана активисттер 2022-жылы октябрда камалган эле. ИИМ аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. 

Быйыл 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды актаган. Бирок прокуратура 12-июлда райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз бергендиктен азыр бул иш Бишкек шаардык сотунда каралууда.