Жаңылыктар
ВИЧ инфекциясына чалдыккандар көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ВИЧ инфекциясына чалдыккандар көбөйүүдө

Кыргызстанда 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 14 159 адамга жетти. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди.

Алардын 13 331и кыргызстандык, 828и чет элдик жарандар.

- Анын ичинен Бишкекте – 3 миң 600, Ысык-Көл облусунда – 533, Чүй облусунда –  3 миң 357, Талас облусунда – 213, Жалал-Абад облусунда – 1 миң 513, Ош  облусунда – 3 миң 398, Баткен облусунда – 251, Нарын облусунда – 295 учуру  катталды. Мындай көрсөткүч өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берет, - дейт дарыгер.

Ошондой эле 2023-жылы   кош бойлуу аялдардын арасынан  ВИЧ  инфекциясынын  46  учуру  аныкталган.  Дарыгердин айтымында, кош бойлуулуктун биринчи 3 жумасында  болочок энелер текшерүүдөн өтөт жана төрөттүн астында дагы текшерилет.

Эгер кош бойлуулуктун биринчи 3 жумасында чыккан болсо,  биз бейтаптын макулдугун алгандан кийин дары берип баштайбыз. Ал аял  табигый түрдө   төрөйт.  Төрөгөндөн кийин дагы алдын  алуу программасы  ымыркайга  ылайыкталган.  Жугуу коркунучун азайтуу  максатында дары берилет. Төрөгөндөн кийин баланы эмизбеш керек, анткени жугуп  калышы мүмкүн.

Дарыгердин билдиришинче, ВИЧ – адамдын иммундук жетишсиздик вирусу, ал СПИД оорусуна алып келет. ВИЧти СПИД деп түшүнүү туура эмес. ВИЧ адамдын организминде пайда болгондон тартып, СПИДге өрчүп кетүү убагы алты айдан тартып, он беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Ага чейин организмде билинбей жүрө берет. СПИД - иммундук жетишсиздик оорусунун синдрому, ал адамзатка гана таандык коркунучтуу жугуштуу оорулардын бири.

1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнгө байланыштуу Кыргызстанда жылына бир ай "СПИДге каршы чогуу күрөшөбүз” улуттук өнөктүгү өтөт.