2023-жылы Россия Федерациясынын аймагында 293 116 кыргыз мигранты ВИЧ инфекциясына карата тестирлөөдөн өтүп, жыйынтыгында 409 кишиден ВИЧ чыккан.
Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын 10 айында экспресс-тестирлөөдөн өткөн 165 250 кыргыз жаранынын арасынан инфекция жуктуруп алган 122 учур белгилүү болду.
- Биздин жарандарыбыздын көпчүлүгү Орусияга барып иштеп жатпайбы. Алдын алуу иштеринин бир багыты - миграцияга кетип жаткан жарандарга атайын китепчелерди беребиз. Мындан тышкары мыйзамдык базалар боюнча атайын маалыматтарды таратабыз.
Дарыгердин билдиришинче, ВИЧ – адамдын иммундук жетишсиздик вирусу, ал СПИД оорусуна алып келет. ВИЧти СПИД деп түшүнүү туура эмес. ВИЧ адамдын организминде пайда болгондон тартып, СПИДге өрчүп кетүү убагы алты айдан тартып, он беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Ага чейин организмде билинбей жүрө берет. СПИД - иммундук жетишсиздик оорусунун синдрому, ал адамзатка гана таандык коркунучтуу жугуштуу оорулардын бири.
1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнгө байланыштуу Кыргызстанда жылына бир ай "СПИДге каршы чогуу күрөшөбүз” аттуу улуттук өнөктүк өтөт.