Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен бүгүн Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуу белгиленген.

Мындан тышкары президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын бизнес өкүлдөрү менен да жолугушат.