Мектепте ата-энелерден мажбурлап акча чогулткандарга айып салына турган болду. Тиешелүү мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алды. Эми ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Мыйзамга ылайык, ата-энелерди кыйнап акча жыйнаган жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 30 миң сом айып пул салынат.
Ал эми ишкерлер же колунда бар адамдар, анын ичинде ата-энелер өз каалоосу менен мектепке акчалай жардам берем десе, мыйзам ага тыюу салбайт.