Кеминде жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдады.
Маалыматка караганда, бүгүн 2-декабрда ӨКМге Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын 1981-жылы туулган тургуну 29-ноябрда Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылып, жалпы 11 адам издөө иштерине чыгышты. Учурда издөө иштери улантылууда.
Кошумча маалыматтар берилет.