Жаңылыктар
Бишкектин четине логистикалык борбор салына баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин четине логистикалык борбор салына баштады

Бишкектин чет жакасында “Манас шаарын” куруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Кыргыз-Кытай инвестициялык холдингинин башкы директору Кайрат Керимбеков utrk.kg сайтына билдирди.

Эл аралык соода борбору боло турган “Манас шаары” кыргыз-казак чек арасына жакын аймакка курулууда. Анын жалпы аянты 700 гектарды түзүп, заман талабына шай келе турган соода жана кампа комлекстери салынат.

 Учурда жумушчуларга ылайыкталган убактылуу база, кеңселер курулуп, суу чыгарылды. Алдыңкы күндөрдө газ, электр энергиясы менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу пландары каралууда. Ошондой эле Алматы көчөсүнө, Ленин айылына жана айланма жолго чыга турган жол куруу да мерчемделүүдө.

Аталган шаарда 40000 кв. метрди чапчыган экспоцентр, чет элден келген соодагерлер үчүн заманбап мейманканалар, бизнес борборлору, 3 мектеп, 6 бала бакча жана кытай медицинасына багытталган 400 орундуу бир оорукана курулат. Шаар ичине 8 тараптуу жол салынып, атайын унаа токтоочу жайлар да каралган. Жарандар үчүн миллион квадрат метр жерге турак жай салынат. Анын 10% мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет.

Бул борбордон жылына 50000 млн. доллар малекеттик казынага түшүп тураары болжолдонууда.