Жаңылыктар
Садыр Жапаров Сеулга расмий сапар менен барды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Сеулга расмий сапар менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Корея Республикасына расмий сапар менен барды. Сеул шаарынын аэропортунда мамлекет башчысын Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Жо Гу Ре жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлдү, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Кореянын Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушуусу болот.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.