Бүгүн «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК (МКУ) менен «Казакстандын экспорттук-кредиттик агенттиги» (KazakhExport) кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду.
Келишимдин негизги максаты – Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү.
Келишим төмөнкү багыттарды камтыйт:
• импорт жана экспорт менен байланышкан келишимдерди камсыздандыруу жана каржылоо;
• семинарларды, тегерек столдорду жана консультацияларды биргеликте өткөрүү;
• тышкы соода менен алектенген компанияларды колдоо;
• тараптардын кардарлары үчүн продуктылар менен кызматтарды жайылтуу.
Бул кадам өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдеп, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.