2025-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү камсызандыруу күчүнө кирет. Бул тууралуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы Тахмина Камчыбекова utrk.kg сайтына билдирди.
ОСАГО мыйзамы Кыргызстандын аймагындагы автотранспорт ээлеринин баарына тиешелүү. Анын базалык камсыздандыруусу жылына 1 680 сомдон башталып, орто эсеп менен 3500-4000 сомдун тегерегинде болот.
Төлөм акынын базалык тарифи 2016-жылы бекитилген. Анда автоунаанын көлөмү (кыймылдаткычынын көлөмү), айдоочунун жашы, тажрыйбасы эске алынып, ошого жараша акы төлөнөт. Эгерде айдоочуларда диагностикалык (техосмотр) картасы болсо, 20% чейин жеңилдик болот.
Айдоочулар камсыздандыруу полисин алгандан кийин, кокус жол кырсыгына кабылса, жабыркаган тараптын чыгымдары төлөнүп берилет.
А бирок айдоочу жол кырысыгына кабылган маалда мас абалында болсо, же наркотикалык каражат колдонсо, жол эрежесин бузса, камсыздандыруу полиси чыгымдарын төлөп бербейт.
2025-жылдын апрель айынан тарта автоунаа ээлеринин камсыздандыруу полиси жок болсо айып пул салына баштайт.