Жаңылыктар
Таласта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга майрамдык маанай тартууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга майрамдык маанай тартууланды

Таласта бүгүн 3-декабрь - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата 300дөн ашуун өзгөчө адамдарга майрамдык маанай жана белектер тартууланды.

 Бул күндүн урматына Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан атайын салтанат уюштурулду. Иш-чарага “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду жана облустагы жеке ишкерлер тарабынан колдоо көрсөтүлүп,  майрамдык белектер таратылды.

Талас облусунда 7 миң 333 мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Алардын 5 520сы 18 жашка чейинки балдар.