Бул борбордон фермерлер өз чарбасына керек кеңештерди, маалыматтарды ала алат. Мындай саамалык Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен ачылды.
Бул борбордо айыл чарбасына тиешелүү бардык мекемелердин өкүлдөрү олтурат. Тагыраагы жерди асылдандыруу, сугатчылык, ветеринария, кайра иштетүү тармактары боюнча адистер борборго кайрылган облус тургундарынын суроолоруна жооп берип, кеп-кеңештерди айтып турат.
Келечекте бул борбордо фермерлер үчүн кеп-кеңеш эле эмес, топурак менен сууну текшерип берүүчү лабораторияларды ачуу, техникалык тейлөөлөрдү уюштуруу сыяктуу да пландар бар.