3-декабрь - Эл аралык майыптар күнү катары белгиленип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп келет. Бул күндү утурлай, Нарын облусунда “Биз биргебиз!” деп аталган ураан алкагында 15-ноябрдан 15-декабрына чейин бир айлык жарыяланып, жер-жерлерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүл буруу максатында иш-чаралар өтүп жатат.
Алсак, 3-декабрда Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан коомдук уюмдарда иштеп, майыптыгы бар жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, аларды колдоп коомго аралыштыруу максатында иштеп жаткан коомдук уюмдардын ишине ыраазычылыктар айтылып, материалдык колдоолор тапшырылды.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Төрөбек Арууновдон алынган маалыматка караганда, облус боюнча 6 миң 365 адамга 528 миллион 908 миң 200 сом социалдык жөлөк пул чектелген. Алсак, 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 452 балага дайындалган 441 ассистент үчүн 22 миллион 653 миң 383 сом, 18 жаштан ашкан 378 ДМЧ жарандын 374 ассистентине 10 млн 746 миң 407 сом каржыланган.
Нарын облусу боюнча 12 миң 267 жаран ден соолугу боюнча майыптыгы бар катары каттоодо турат. Алардын ичинен 6 миң 849 адам социалдык фонддо, 5 миң 418 эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарында каттоодо турат. Өкүлчүлүктүн резервдик фондунан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50 жаранга жана алар менен иштешкен 8 уюмга 220 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү.
Ошондой эле райондук, шаардык казынадан, айыл өкмөттөр, демөөрчүлөр тарабынан материалдык колдоолор көрсөтүлүп, азык-түлүк баштыктары тапшырылды.