3-декабрда президент Садыр Жапаровдун Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кыргыз-корей кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда Баарын камтыган өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен билдирүү;
- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы климатты өзгөртүү жаатында кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;
- 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан баш тартуу жана киреше жана капитал салыктарына карата салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан 2029-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык фондунан (ӨКТ) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Корея Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Корея Республикасынын Илим жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлигинин ортосундагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташтык программасы;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин ортосунда сооданы жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча механизмди түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика жана критикалык минералдар жаатында кызматташуу үчүн негиздерди түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Корея Республикасынын Персоналды башкаруу боюнча министрлигинин ортосундагы кадрдык башкаруу жана персоналды башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматы менен Корея Республикасынын Токой кызматынын ортосундагы токой чарбасы жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен токой секторундагы Азия кызматташтыгы уюмунун ортосундагы агротокой чарбасы жана багбанчылык чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Корея Республикасынын Кореянын Суу ресурстары корпорациясынын (K-Water) ортосундагы парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча эл аралык программанын алкагында чакан ГЭСтердин 10 жаңы долбоору үчүн башкы планды жана техникалык-экономикалык негиздемени биргелешип даярдоодо жана өнүктүрүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргызэкспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Кореянын импортерлор ассоциациясынын (KOIMA) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргызэкспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Корей эл аралык соода ассоциациясынын (KITA) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргызэкспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Кореянын соода жана инвестициялык агенттигинин (KOTRA) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги менен Sejin G&E Co. Ltd компаниясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы санитардык таштанды полигонунда көмүртектин чыгарылышын азайтуу жана полигон газын пайдалануучу электр станциясы” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен ECOVICE Origin жана SUNJIN Engineering & Architecture компанияларынын консорциумунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз почтасы менен Корея почтасынын ортосундагы почта байланышы тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен KOICAнын ортосундагы Кыргыз Республикасында түшүм жыйноодон кийин айыл чарба өсүмдүктөрүн башкаруу системасын түзүүнү колдоо жолу менен айыл чарбалык нарк чынжырын чыңдоо долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана KOICA ортосундагы “Кыргыз Республикасында санариптик трансформация үчүн улуттук маалыматташтыруунун потенциалын жогорулатуу” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
-Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Корея Республикасынын Адамды өнүктүрүү улуттук институтунун (NHI) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.