"Келечек» республикалык реабилитациялык борборунда сенсордук бөлүмдөр ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы utrk.kg сайтына берген маегинде билдирди.
Жыл башынан бери өлкө боюнча 600 майыптуулугу бар балдар аталган борбордо ар кандай реабилитациялык кызматтарды ала алышкан. Өткөн жылы борборго 444 бала келген. " Келечек» борбору ачылгандан бери 1000ден ашык өзгөчө балдар республикалык бюджеттин эсебинен дарыланган.
Бул борбор КР Президенти С.Н.Жапаровдун Инклюзивдик саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.
Эске сала кетсек, мындан эки жыл мурда майыптыгы бар балдарга социалдык төлөмдөр 50 дөн 200% көбөйтүлгөн болсо, быйыл Министрлер Кабинети жеке ассистенттердин кызматы үчүн эмгек акысын көтөргөн.