Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгону расмий кабарланды.
Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бул кызматтан кеткени белгилүү болду.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Равшанбек Сабиров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.