Жаңылыктар
«Айдан Фарма» фармацевтикалык заводу мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
«Айдан Фарма» фармацевтикалык заводу мамлекетке кайтарылды

        «Айдан Фарма» жабык акционердик коомунун заводу учурда 95% медициналык этил спиртин өндүрөт жана жакынкы арада калк үчүн сапаттуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана импортту алмаштыруу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында 50дөй аталыштагы дары-дармектин түрүн өндүрө баштайт. 

        Учурда өндүрүлгөн дары-дармектердин линиясын кеңейтүү, ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү пландалууда.