Жаңылыктар
ТИМ Түштүк Кореядагы кыргыз жарандарын сак болууга чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ Түштүк Кореядагы кыргыз жарандарын сак болууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореяда жүргөн кыргыз жарандарын тынчтыкты сактап, сак болууга жана өтө зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпай турууга чакырды. Ошондой эле ал жердеги мекендештерге жергиликтүү бийликтин айткан көрсөтмөлөрүнө баш ийип, ар кандай коомдук, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга катышпоо, эгерде кандайдыр бир суроо жаралса, алар Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигине кайрылуу сунушталды.

 Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Учурда Түштүк Кореяда расмий сапар менен жүргөн мамлекет башчы Садыр Жапаровдун ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын айтымында, өлкө жетекчисинин иш сапары план боюнча өтүп жатат. Бүгүн мамлекет башчы жана аны коштогон делегация алдын ала пландалгандай эле Кыргызстанга кайтып келет. 

3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Ал бул кадамын парламенттин өкмөт мүчөлөрүнө импичмент жарыялоо чечими менен байланыштырган. Кийин 6 саат өткөндөн соң ал аскердик абалды алууга макулдук берген.