5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +7…+9 градус жылуу болот.