Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүттү

Бүгүн, 4-декабрда Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту.
 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумуш топторуна кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмаларды беришти.
 
 Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.