Жаңылыктар
Салык кызматынын жооптуу кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматынын жооптуу кызматкерлери кармалды

УКМКнын 4-декабрда тараткан маалыматына караганда, Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды.

Тактап айтканда, айрым ири өндүрүүчүлөр менен импортчулар (алкоголдук ичимдик, кумшекер азыктары жана тамеки) факт түрүндө өлкөнүн түштүк аймагына товар жеткирип, бирок документ жүзүндө толук маалымат болгон эмес. Салыкчылар кызмат абалынан пайдаланышкан жана 2024-жылдын башынан бери 3,2 млрд. сомдук товардын эсептик баракчалары табылган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголду. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүндө жана Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын төрт жетекчиси камакка алынды. 

Бул иш боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоо үчүн тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.