Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, коррупцияга шектелип кармалгандардын 80 пайызы чыгымды төлөп, абактан чыгып кеткенин билдирди:
- Статистикада коррупция боюнча кылмыш иштеринде дээрлик 80% айып менен кутулуп кетишти. Болгону 30% соттолду. Демек, коррупция кадимки көрүнүш болуп калган. “Коррупция кылам, эртең бир нече миң айып пул төлөп коем” деп ойлошкон. Эми андай болбойт, раелдуу мөөнөт алышат.
Жогорку Кеңеште бүгүн коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча УКМК иштеп чыккан мыйзам долбоору каралууда. Анда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу, алардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албастыгы каралган.
Ошондой эле “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек, пробациялык жаза колдонулбайт. Долбоордо мындан башка да бир катар жазалар каралган.