Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: Журналисттерде толук эркиндик бар
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев: Журналисттерде толук эркиндик бар

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин билдирди.

Ташиев бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Элдар Абакировдун суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин белгиледи.

“Кыргызстанда журналисттерге толук эркиндик бар. Эмнени жазса жаза берсин. Бирок Кыргызстанга бүлүк салбаш керек. Ошондуктан бүлүк салгандарды биз тартипке чакырдык, мындан ары да чакырабыз”, — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.