Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 8-9-декабрда күн суутат
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 8-9-декабрда күн суутат

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, 8-9-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар ,Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

8-11-декабрь күндөрү абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10...-15°, күндүз 4...-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -6...-11°, күндүз -1...-6°, Ысык-Көлдө түнкүсүн -12...-17°, күндүз -2...-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18...-23°, күндүз -6...-11, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13...-18°, күндүз -5...-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27° градус суук, күндүз -13...-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30...-35°, күндүз -14...-19 градуска чейин төмөндөйт.