Жаңылыктар
"Креативдүү кесиптер академиясы" алыскы аймактардан келген жаштарды акысыз окутат
Кыргызстан жаңылыктары
"Креативдүү кесиптер академиясы" алыскы аймактардан келген жаштарды акысыз окутат

Урматтуу Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

"Жандан Креатив" коомдук фонду сиздерди "Креативдүү кесиптер Академиясынын" финалдык иш-чарасына чакырат, ал жерде Академиянын 2024-жылдагы мыкты студенттеринин дипломдук иштеринин сынагы өтөт.

"Креативдүү кесиптер Академиясынын" долбоору АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин гранты аркылуу «Жандан Креатив» чыгармачыл коомдук фонду тарабынан башкарылат.

Иш-чара акысыз жана коомчулук үчүн ачык.

Өткөрүү күнү: 6-декабрь, 2024-жыл.

Өтчү жери: ololoPlanet (Юнусалиев көч., 80). Саат: 13:30 - 17:30.

"Креативдүү кесиптер академиясы" долбоору өлкөнүн алыскы аймактарынан келген жаштарга жана майыптыгы бар жаштарга акысыз кесиптик даярдыкты камсыздайт. Өткөн жылы 400гө жакын катышуучу үч айлык виртуалдык курстардын алкагында "Графикалык дизайн" жана "SMM" боюнча акысыз онлайн-окутуудан өтүштү. Иш-чарада өлкөнүн 7 аймагынан келген эң мыкты 14 бүтүрүүчү өздөрүнүн жыйынтыктарын калыстардын алдында сунуштайт. Калыс тобу — креативдүү тармактын адистери жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин өкүлдөрү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында “Чыгармачыл индустриялар үчүн нейрондук тармактар” деген темада акысыз мастер-класс өткөрүлөт.

Эскертүү: Саат 13:30дан 14:00го чейин коноктор үчүн тосуп алуу кофе-брейк уюштурулат. Бул убакыт аралыгында сиз репортаж жасап, АКШнын элчилигинин өкүлдөрүнөн, ошондой эле долбоордун командасынан жана бүтүрүүчүлөрдөн интервью ала аласыз.

Кошумча маалымат:

Сайт: https://creative-academy.kg/

Instagram: https://ww.instagram.com/creative.academy.kg/ Facebook: https://www.facebook.com/creative.academy.kg/

Иш-чарага аккредитация алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышсаңыз болот: 0705 464756 — Айзада (PR менеджер)

0555 700375 — Алина (долбоордун координатору)