Жаңылыктар
Стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктоодо

Бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 56 жашка толду. Мамлекет  башчы Садыр Жапаров Нуркожоевич 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

Коңшу өлкөлөрдүн  президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты.

Россиянын Президенти Владимир Путиндин куттуктоосу

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.  
“Россия биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө кошкон жеке салымыңызды жогору баалайт.  
Биз Сиз менен эки тараптуу байланыштардын бүткүл комплексин мындан ары бекемдөө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарында жигердүү биргелешкен ишти улантабыз.  
Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана дос мамиледеги Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин  куттуктоосу

“Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында боордош Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүдө, демократиялык негиздерди бекемдөөдө жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууда чоң ийгиликтерди көрсөтүү менен гүлдөгөн мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат.

Сиздин жеке аракеттериңиздин аркасында Кыргызстан инклюзивдик кызматташтыкты жана жалпы туруктуу өнүгүү жана прогресс кызыкчылыгында маанилүү демилгелерди жигердүү илгерилетүү менен өзүнүн эл аралык аброюн ырааттуу жогорулатып келет.

Көп кылымдык бузулгус достуктун, ынак коңшулук жана өз ара колдоонун духунда өнүгүп келе жаткан казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин ар тараптан тереңдетүү ишине Сиздин кошкон олуттуу салымыңызды өзгөчө белгилеп кетким келет.

Бул жылы кол коюлган Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Союздаш мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн узак мөөнөттүү өз ара аракеттенүүгө багытталган биздин тыгыз мамилелерибиздин жаңы этабын белгиледи.

Биргелешкен аракеттердин аркасында биз эки тараптуу деңгээлде да, регионалдык кооперациянын алкагында да казак-кыргыз көп кырдуу мамлекеттер аралык байланыштардын горизонтторун дагы да кеңейте аларыбызга ишенем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, ушул маанилүү күнү Сизге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин  куттуктоосу

“Сиздин элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана бакубаттуулугун камсыз кылуу, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн мындан ары жогорулатуу боюнча жигердүү аракеттериңиз өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Акыркы жылдары биз күчтүү саясий эркибиздин аркасында тарыхый дос мамлекеттерибиздин ортосундагы көп кылымдык боордоштук байланыштарды ар тараптуу чыңдап, өз ара пайдалуу мамилелерибизди баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрдүк. Ушуга байланыштуу тыгыз боордоштук, өз ара сапарлар жана жогорку деңгээлдеги диалогду активдештирүү, ошондой эле жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген маанилүү макулдашуулар биздин элдердин жалпы кызыкчылыктарына кызмат кылаарын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Биз белгилеген чоң пландар жана басып өтчү жолдор, башталган ири регионалдык инфраструктуралык долбоорлор биргелешкен аракеттер менен ийгиликтүү ишке ашырылат деп ишенем.

Жогорку урматтоо жана ишеним, өз ара колдоо принциптерине негизделген биздин көп пландуу жана узак мөөнөттүү мамилелер мындан ары да бекемделе берет деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизди дагы бир жолу чын дилимден ушул кубанычтуу күн менен куттуктайм. Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишиңизде жаңы жеңиштерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун  куттуктоосу

“Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана эл аралык аренада өзүнүн аброюн бекемдөөдө жаңы ийгиликтерди жаратып, алдыга жигердүү кадам шилтеп жатканы анык.

Биздин мамлекеттер ортосундагы тарыхый салттарга негизделген достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө Сиздин туруктуу багытыңызды жогору баалайбыз.

Биргелешкен аракеттердин аркасында эки өлкөнүн өз ара мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык бекемделип жана тереңдей берет деп ишенем.

Бул салтанаттуу күнү сизге чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин  куттуктоосу

“Бүгүнкү күндө боордош Кыргызстан туруктуу жана динамикалуу өнүгүү жолунда алдыга жылуу менен саясий, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда чоң ийгиликтерге жетишти. Сиздин өлкөнүн жетишкен ийгиликтери бизди абдан кубандырат.

Сиз эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилелерди жана өз ара ишенимге жана колдоого негизделген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң салым коштуңуз, бул биздин элдердин эркин чагылдырат жана биз аны жогору баалайбыз. Акыркы жылдары эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн көптөгөн өз ара сапарлар, жолугушуулар, пикир алмашуу мамилелердин жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.

Азербайжанга быйыл жасаган үч сапарыңызды, айрыкча ушул жылдын апрель айында мамлекеттик сапарыңызды өзгөчө белгилегим келет. Оккупациядан бошотулган аймактарды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча колдооңуз жана Агдам районунда орто мектеп куруу демилгеси үчүн дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Мен муну бир туугандыктын дагы бир ачык мисалы катары баалайм.

Жалпы тарых жана бай адеп-ахлактык баалуулуктар менен бекемделген биздин тыгыз мамилебиз жана стратегиялык өнөктөштүгүбүз мындан ары да элдерибиздин эркине ылайык биргелешкен аракеттер менен өнүгүп жана бекемделе берерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу

“Үстүбүздөгү жылдын июль айында Шанхай кызматташтык уюмунун Астана саммитинде биз кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча жолугушуу өткөрдүк жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы доордогу багыттарын аныктоо менен жогорку сапаттуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашууга жетиштик.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берем жана Сиз менен түзүлгөн жакшы иштиктүү мамилелерди жана жеке достукту жогору баалайм жана келерки жылы эки тарапка тең ыңгайлуу убакта Кытайга келип кетүүгө чакырам.

Сизге ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалайм! Достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. 
 “Биздин эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээли мындан ары да түркмөн-кыргыз өнөктөштүгүн жана багыттардын бардык спектри боюнча мамлекеттер аралык байланыштарды кеңейтүү үчүн бекем негиз болуп берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.