«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын экс-жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын экс-жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, мөңгүнү талкалоо жолу менен жана компетенттүү органдар менен макулдашпастан Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Загара-2" кенине автожол курууну баштаган.
"Кыргызкөмүр" МИнин Түштүк филиалынын жетекчилиги "Кыргызгипрозем" МИнин дарегине пландалган жол куруу багыты боюнча координаталык чекиттерди көрсөтүү менен жер жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганы аныкталган, анда №№375, 456, жана 44 мөңгүлөр жайгашкан суралган контурлар боюнча жооп алынган.
Ошону менен бирге "Загара-2" кенинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бекитүү жана алуу үчүн "Кыргызкөмүр" МИ Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгынын дарегине бир нече жолу кайрылган. Кезегинде Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан мөңгүлөрдүн жана мореналардын жайгашкан жерине байланыштуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун макулдашуудан баш тартылган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 14 млн. 978 миң 480 сомдук экологиялык зыян (мөңгүлөр, асылдуу топурак, токой жерлери) боюнча корутунду алынган.
Натыйжада, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын директоруна Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренесинин 2-бөлүгү (иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылып, андан кийин ЖПКнын 96-жана 97-беренелерине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча иштерди активдүү улантууда.