Кыргыз Республикасынын сурдо дзюдо боюнча улуттук командасынын мүчөсү Айтурган Даниярова Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан X Азия-Тынч океан сурдо оюндарында 2-орунду ээледи.
Спортчу 57 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач жарым финалдык казакстандык Айгерим Абишованы ипон ыкмасы менен жеңип, финалдык беттеште индиялык Сакши Харидасга жеңилген.
Жыйынтыгында өз салмагында X Азия-Тынч океан сурдо оюндарынын күмүш медалына ээ болду.