Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) кыргызстандык боксчу, Париж Олимп оюндарында күмүш медалга татыган Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырганын бүгүн Кыргызстандын Бокс федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Дубайда өткөн Глобалдык бокс конгрессинде IBAнын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлап, алардын эл аралык аренадагы жетишкендиктерин белгилеген. Мунарбек Сейитбек уулу бокстун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланган.
Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимп оюндарынан бокс боюнча күмүш медаль алган алгачкы мушкер. Ал өткөн жайдагы Париж Олимп оюндарында күмүш медаль уткан.