Жаңылыктар
Бишкек – Москва поезд каттамы жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек – Москва поезд каттамы жанданат

Бишкек - Москва багыты боюнча темир жол каттамы 18-декабрдан тарта жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Бул багыт боюнча “Кыргыз темир жолунун”  вагондору каттайт жана билет баасына да учактагыдай арзандатуулар болот. Мисалы 45 күнгө чейин билетти алдын ала сатып алууда 20 пайыздык арзандатуу берилет, 31 күнгө чейин 15 пайыз, тез арада же бир жуманын ичиндеги билетти сатып алууда арзандатуу 5 пайызды түзөт. Билеттин баасы плацкарт вагонго 17 миң сом, купе вагонго 22 миң 725 сомдон жогору болот.

Вагондор бардык талаптарга, эл аралык стандартка жооп берет. Каттам боюнча поезд мурда Казан вокзалына барса, эми Павелецкий вокзалына 3 күндүк убакытта барат. Бишкек-Москва багыты боюнча билеттерди вокзалдын кассасынан жана онлайн түрдө сатып алса болот.

Аталган каттам боюнча поезд Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, Москвага ишемби жана шейшемби күндөрү жетет. Ал эми Москвадан поезд жекшемби жана шаршемби күндөрү чыгып, Бишкекке шаршемби жана ишемби күндөрү келет.