Жаңылыктар
Нарындагы ден соолукту чыңдоо борбору оңдоп-түзөөдөн өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы ден соолукту чыңдоо борбору оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Нарын шаарындагы Ден соолукту чыңдоо борбору капиталдык оңдоодон өтүүдө. Ага республикалык бюджеттен 33 миллион сом каражат бөлүнгөн.

“Учурда ичи жылууланып, жылуулук берүү жабдуулары орнотулуп, терезелери алмаштырылып жатат. Ошондой эле ичи, тышы жарыктандырылып, кийинип-чечинүү, жуунучу бөлмөлөрү менен окуу- машыгуу сабактарын өтүүгө, республикалык, эл аралык, облустук жана шаардык алкактагы  мелдештерди уюштурууга ылайык шарттар түзүлүп,  реконструкция жумуштары жаз алды менен аяктайт. Мындан тышкары республикалык бюджеттин үлүштүк дем берүүчү грантынан борбордун алдына “Спорттук сквер” салынып,  аллеялары жаңыртылып таш таман төшөлүп спроттук мелдештерде байгелүү кайткан спортсмендерди салтанаттуу тосуп алууга ылайык жасалгаланат”,-деди “Ата Тоо” балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Элзар Мусаев.

Ден соолукту чыңдоо борборунун курулушу союз мезгилинде  башталып, бүтпөй калган. 1996-жылы курулуш жанданып колдонууга берилген. Бирок ичинде талаптагыдай шарттар болгон эмес. Жылуулугу жок болгондуктан кышкысын машыгуу өткөрүүгө мүмкүн эмес эле. Акыркы жолу 2005-жылы ремонттолгон. 2022-жылы борбордун жанына 3 миллион сомго кошумча имарат  курулуп, кийинип-чечинүүчү, жуунучу жай жана санузел салынган.