“Яндекс” такси кызматы Кыргызстанда айына 10 млн. доллар акча табат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бахридин Шабазов билдирди.
Ошондой эле депутат “Яндекс” такси ар бир буйрутмасы үчүн 21 пайыз комиссия алып жатканын белгиледи.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаевдин буга чейин УТРКнын сайтына берген маалыматына таянсак, акыркы бир жыл ичинде бишкектиктер Яндекс таксиге 4,5 млрд. сом короткон.
Ошондой эле Бишкектеги такси кызматынын 97 пайызын Яндекс аткарат.
УКМК тарабынан 2024-жылдын 29-ноябрында өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКсынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
29-ноябрда УКМК тарабынан «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКсынын кеңселеринде тинтүү иштери журүп, ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча аталган компанияга кылмыш иши козголгон.
Тактап айтканда, «Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө кымбаттаганы аныкталган.