Жаңылыктар
Цирк бир жума ичинде 5 млн 370 миң пайда тапты
Кыргызстан жаңылыктары
Цирк бир жума ичинде 5 млн 370 миң пайда тапты

Мамлекеттик цирк 1 жумада эле 5 370 000 сом пайда тапканын Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик цирк капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин келгендердин саны өсүп, 1-декабрдан 8-декабрга чейин таза 5 миллион 370 миң сом пайда тапты.

Анын ичинен, BMW компаниясы имаратты ижарага алуусуна 1 млн. 360 миң төлөсө, 4 млн. 10 миң сом билетти сатуудан түшкөн.

Айдын аягына чейин циркке 13 млн. 312 миң сом пайда түшөрү күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айында мамлекеттик цирктин имаратынын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, оңдоп-түзөөнү тапшырган.

Имарат 1976-жылы курулган, ошондон бери бир да жолу ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес.